Жаңылыктар
Таластагы ири канал оңдолууда
Айыл чарба

Таластагы Сарымсак каналы оңдолууда. Ал үчүн Ислам өнүктүрүү банкынан 600 миллион сом каралган. Учурда каналдын беш чарбалык бөлүгүндө иш жүрүп жатат. 

Мындан тышкары, жакынкы аптада Бактуу-Ногой, Жалпак-Тил ири каналдары оңдолот. Бул каналдардын ишке кириши менен ар биринен 250 гектардан 500-600 гектарга чейин айдоо жерлер өздөштүрүлөт. Манас районунда дагы ири Кадыраалы каналы оңдолору мерчемделген. Облустагы ири каналдарды оңдоо менен жалпы 3600 гектар айдоо аянты айыл чарба багытында колдонула баштайт.

"Биздин ишке 80 миллион сом каралды. Буйруса азыр бул 1000 метрди, күзүндө суу токтосо дагы эки чакырымды бүтүрөбүз",- деди курулуш компаниясынын өкүлү Нурислам Субанов.
 
"Бетондон салынган каналдар жакшы суу үнөмдөйт, дыйкандын кетменине тез жетет",- дейт Талас облустук бассейндик суу чарба башкармалыгынын башчысы Болотбек Батыркулов.