Жаңылыктар
Ысык-Көлдү сүзүп өтүү боюнча мелдеш өтөт
Спорт
Ысык-Көлдү сүзүп өтүү боюнча мелдеш өтөт

Ысык-Көлдү сүзүп өтүү боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу "Nomad Sport" уюмунан билдиришти. Маалыматка ылайык, "Issyk Kul Swim Challenge- 2019" аталышындагы мелдеш 18-августта болот. 

Анда 18 жаштан жогору курактагылар Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги Кара-Талаа айылынан старт алып, түштүк жээгиндеги Тору-Айгыр айылына чейин 14 чакырым аралыкты багындырат. Былтыр аталган спорттук иш-чарада алты адам ат салышкан.