Жаңылыктар
Ош облусунда жер титирөө катталды
Өзгөчө кырдаал
Ош облусунда жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында 30-июнда саат 08:57де очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жер титирөө Алай районунун Тогуз-Булак, Арпатектир, Кең-Жылга айылдарында 3,5 балл, Гүлчө, Кара-Шоро, Каблан-Көл, Жаңы-Турмуш айылдарында - 3 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.