Жаңылыктар
ЖК депутаттары төраганы шайлай алган жок
Саясат
ЖК депутаттары төраганы шайлай алган жок

Талапкерлер Канатбек Исаев менен Бакыт Төрөбаевдин ар бирине 51ден добуш тийди. Мыйзамга ылайык эми башка талапкерлердин катышуусу менен жаңы шайлоо өтүшү керек.

Спикерди шайлоонун жыйынтыгына көз салган 12 депутаттан турган эсептөө комиссиясынын төрагасы Мирлан Жээнчороев талапкерлер тең чыкканын кабарлады. 60тан ашык эл өкүлүнүн колдоосуна эч кимиси ээ болбосо да көбүрөөк добуш алганы шайлоонун экинчи айлампасына катышмак. Бирок, мыйзамга ылайык азыркы абал жаңы талапкерлерге жол ачылганын айтып турат.

Депутаттар мындай тең чыгуу Жогорку Кеңештин тарыхындагы алгачкы окуя экенин белгилешти. Добуш берүүнүн жыйынтыгына эки талапкер тең ыраазы. Ошентип коомчулуктун көңүл борборундагы добуш берүү натыйжалуу аяктаган жок. 

 Жогорку Кеңеш дагы бир аптага төрагасыз калды. Талдоочу Марс Сариев коалиция жалгыз талапкерге токтолгондо жыйынтык башкача болмок деген пикирде. Бирок, спикерди шайлоонун жүрүшүн демократиялык нукта өттү деп баалайт.

Эми көпчүлүктү жаңы талапкерлердин ысымдары кызыктырууда. Буга чейин төрага маселесинде дымагын көрсөтпөгөн “ата мекенчилер” да өздөрүнөн талапкер сунушталып калышы мүмкүн экенин жашырбайт. Фракция мүчөсү Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында азарынча бул маселе талкуулана элек. Эң негизгиси коалициянын чечими маанилүү.

Экс-спикер Асылбек Жээнбеков бир тууган агасы Сооронбай Жээнбековдун өкмөт башчылыгына келишине байланыштуу кызматын тапшырган. Азырынча Жогорку Кеңештин жыйындарын төраганын орун басарлары алып барышууда.

Калыгул Асамбаев “Биринчи радио”