Жаңылыктар
Cирия: Израиль абадан сокку урду
Дүйнө
Cирия: Израиль абадан сокку урду

Сириянын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары 1-июлда Израиль Дамаск менен Хомс шаарына жакын Сириянын өкмөттүк күчтөрү жайгашкан аймактарга абадан сокку урганын билдиришти.

SANA агенттиги Сирия армиясынын атын атабаган өкүлүнө таянып ракеталар Ливандын аба мейкиндигиндеги израилдик учактардан учурулганын кабарлады.

Кийинчерээк ушул эле агенттик Дамасктын түштүк-батышындагы Сахная шаарындагы чабуулдан төрт жаран мерт болгонун, 21и жаракат алганын маалымдады. Израиль армиясы бул маалыматтарга комментарий бере элек.