Жаңылыктар
Кызыл-Кыя шаарында шифер заводунун курулуш иштери кызуу жүрүүдө
Аймак
Кызыл-Кыя шаарында шифер заводунун курулуш иштери кызуу жүрүүдө

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Кызыл-Кыя шаарына 7 ишкана ачуу мерчемделген. Бүгүнкү күндө курулуш иштери кызуу жүрүүдө, айрымдары ишке берилди. Ишканалардын ачылышы менен жүздөгөн жумуш орундары түзүлөт. 

Ушул жылдын 3-кварталында ачылышы күтүлүп жаткан шифер заводунун курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Заводду курууга жалпысынан 350 миллион сомдук инвестиция тартылып, февраль айында башталган. Учурда имаратынын негизги бөлүгүндө иштер жүрүүдө.
Кызыл-Кыя шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө да таасири тийет. Шаар бийлиги менен ишкананын ортосунда кызматташуу келишими түзүлгөн. Инвосторго шаар аймагынан 4 гектар жер аянты узак мөөнөткө пайдаланууга берилген. Бул жерде жылына 3 миллион даана шифер чыгаруу мерчемделүүдө.

Бул жерден чыккан шифер борбордон ташылып келгенге караганда баасы арзан болот. Учурда курулуш материалдары жол акысын кошкондо башка облустарга салыштырмалуу Баткенде кымбат сатылууда. Заводдун ишке берилиши менен Кызыл-Кыя шаарына жакын жайгашкан Ноокат жана Кадамжай райондорунун тургундары үчүн ыңгайлуу баада шифер сатып алууга шарт түзүлүүдө.

Кызыл-Кыя шаары союз учурунда өнөр жайлуу калаа болгондуктан ишкананын жандуу иштеп кетүүсүнө мүмкүнчүлүк жогору. Мындан сырткары цемент заводу да жакын жайгашкан. Мындан улам, кыска убакытта курулуш иштери бүткөрүлүүсү күтүлүүдө.