Жаңылыктар
В. Путин: Кыргызстан – стратегиялык өнөктөш
Дүйнө
В. Путин: Кыргызстан – стратегиялык өнөктөш

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаев Президент Владимир Путинге ишеним грамотасын тапшырды. Путин "Кыргызстан - биздин стратегиялык жана евразиялык интеграция боюнча өнөктөшүбүз. Биз президент Алмазбек Атамбаев менен тез-тез жолугуп турабыз", деди. 

Ошондой эле Путин КМШнын 25-жылдыгына карата сентябрь айында Бишкекте өтө турган иш-чараны даярдоого жана өткөрүүгө жигердүү катышаарын билдирди. 


"Мындан ары да Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана ЕАЭБке мүчө катары ишти илгерилетип кетүүсүнө көмөк көрсөтө беребиз, - деди Россия президенти.