Жаңылыктар
Францияда абанын температурасы 46 градуска чейин жетүүдө
Дүйнө
Францияда абанын температурасы 46 градуска чейин жетүүдө

Франциядагы ооруканалар жана социалдык кызматтар өлкөдө өкүм сүргөн ысык аба ырайынан улам күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Абанын температурасы аталган өлкөдө 46 градуска жетүүдө. Белгиялык метеорологиялык институттун билдиргенине ылайык, аба температурасынын кескин жогорулашына Атлантика океанында айланып жаткан субтропикалык аба массасы жана Исландиядан Россияга чейинки аймакты каптаган антициклон себеп болгон.

Ушул жумада Батыш Европада абанын температурасы 40 градуска чейин көтөрүлдү. Францияда июнь айындагы абанын ысыктыгынан улам, 2003-жылдагы окуя кайталанып кетеби деп кооптонушууда. Анда абанын ысыктыгы 15 миң адамдын өмүрүн алып, алардын көпчүлүк бөлүгү кары-картаңдар болгон. Бирок бийлик бул жолу ал нерсе кайталанбайт деп сөз берүүдө.

Париждеги муниципалдык имараттарда салкындап алуу үчүн өзүнчө бөлмөлөр да уюшулган. Ал эми көчөлөрдө атайын кошумча оргумалар коюлган. Бельгия бийлиги дагы тургундарын жана эс алуучуларды, көбүрөөк суу ичип, жеңил жана зыянсыз кездемеден тигилген кийимдерди кийип, баштарын күндөн сактоону суранышууда. Испания, Швецария, Германияда дагы аба ырайы өтө ысып жатат. Ысык абанын илеби массалык түрдө Сахара чөлүнөн келүүдө.