Жаңылыктар
ЕАЭБ: пенсия боюнча келишимине кол коюлары күтүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
ЕАЭБ: пенсия боюнча келишимине кол коюлары күтүлүүдө

Күз айларында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин пенсия боюнча келишимине кол коюлары күтүлүүдө. Документ ушул жылдын март айында түзүлгөн. Ага ылайык, мигрант иштеп жаткан өлкөсүнүн пенсия фондуна акча которсо, ошол мамлекет ага пенсия төлөйт. Бул тууралуу россиялык массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Чечимдин Кыргызстанга пайдасы гана тиет. Анткени, бизден кеткен эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгү Россияда. Расмий маалыматтарга караганда, алардын саны 600 миңден ашат.

"ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарын пенсия менен камсыздоо" келишиминин долбоорунда жазылгандай, мамлекетке акча которуп жүрүп, бирок ага жетпей каза болгон жарандын пенсиясын үй-бүлөсү ала алат. Андан сырткары, адам ЕАЭБдин курамындагы канча өлкөдө эмгектенсе, ошонун баарынан пенсия ала алат. Бир мамлекеттен алган пенсиясы экинчи же үчүнчүсүнө эч таасир этпеши керек. Жаранды пенсияга чыгарчу өлкө анын өз аймагында канча жыл иштегенин аныктап, ошого жараша пенсия коюп берет. 

Ал эми Россия бир гана өз аймагы эмес, мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдө иштеген жылдарын дагы эске алат. Базалык пенсияны алыш үчүн ошол өлкөнүн аймагында жок эле дегенде толугу менен 12 ай иштеш керек. Документтер тууралуу айта турган болсок, пенсия бере турган өлкө документтердин өзүнүн мамлекеттик тилиндеги көчүрмөсүн талап кылууга укуктуу. Ошондой эле зарыл болгон учурда ал документтер тууралуу тагыраак маалымат алуу үчүн каалаган органга кайрыла алат. Пенсия алуучу өзү тууралуу берген жеке маалыматтар аны алган орган тарабынан сыр бойдон сакталат.