Жаңылыктар
Ордолуу Ош Кытайдын ири шаарлары менен кызматташат
Саясат
Ордолуу Ош Кытайдын ири шаарлары менен кызматташат

Айрым тарых барактарында Сиань шаары-Кытайдын “жүрөгү”, күчтүү державанын байыркы борбору болгону туурасында маалыматтар жазылып келет. Экономикалык дарамети эң күчтүү калаада ири заводдор жайгашкан. Шэньси провинциясынын карамагында турат. Бир катар тарыхый жайларга бай. Дүйнөнүн өнүккөн 25 шаары менен кызматташып келет. 30дай жогорку окуу жайы бар. 1953-жылдары калаа макамын алган шаарда 8 миллиондон ашуун эл жашайт. 

Кытайдын дал ушул Сиань шаары өңдүү өнүккөн Фошань жана Шицзячжуан шаарлары менен байыркы Ош шаары алаканы орнотот.

 Мындай меморандумга кол коюу иш чарасы- 13-июнда Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын жана Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммитинин алкагында жетишилди. 

Биргелешкен иш-аракеттер экономика, соода, илим жана техника, саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө жүрөт. 

Кыргыз-кытай биргелешкен ишканаларын курууга өзгөчө басым жасалат. Азыркы тапта, мындай ишканалардан шаарда 10го чукулу иштеп жатат. Натыйжада жаңы жумуш орундары түзүлүүдө.

Кыргыз-кытай элдеринин достугунун данакери катары Оштогу мына бул оорукананы атасак болот. Сметалык баасы 25 млн долларга бааланган объекти кытай грантынын эсебинен, тагыраагы акысыз белек иретинде курулуп берилди. 

Азыркы тапта, Ош шаары 14 боордош, алты өнөктөш шаарлар менен кызматташат.