Жаңылыктар
Экс-президент ЖЭБге көмүр алууда коррупцияга жол берген
Саясат
Экс-президент ЖЭБге көмүр алууда коррупцияга жол берген

Алмазбек Атамбаев өлкөнү башкарган жылдарда “Бишкек” Жылуулук электр борборуна “Прогресс Компани” аттуу ишкана көмүр жеткирип турган. Бирок, ал чыныгы атаандаштыктын негизинде тандалганына күмөн санагандар көп. 

Мурдагы мамлекет башчысына карата коюлган дооматтардын ичинен Башкы прокуратура аталган ишти да иликтөөгө негиз бар деп тапкан.

Атамбаевге коюлуп жаткан дал ушул айыптоо мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын жолдошу аралашты делген чууну эске салууда. 

Бакыт Абдыкапаров менен бирге Башкы прокуратуранын башкармалыгынын жетекчиси, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлү, “Электр станциялары” ишканасынын коммерциялык директору “Жезказган энергосбыт” компаниясынын кызыкчылыгын коргогон деп айыпталышкан. 

Бул ишкана утушка ээ болгон тендер жокко чыгарылып, анын атаандашы “Прогресс Компани” менен келишим түзүлгөн. Эми болсо аталган ишкана менен кызматташуу өлкөгө зыян алып келген деген бүтүм чыгарылууда. Компаниянын кызыкчылыгын Атамбаев сүрөп келгени белгиленди.

Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын 1-декабрында өткөрүлгөн маалымат жыйында дал ушул маселеге токтолуп, Салянованы башкы прокурорлук кызматтан кетирүүгө анын жолдошунун көмүр чырына аралашканы себеп болгонун билдирген. 

Мурдагы башкы прокурор болсо жоопту көп күттүргөн эмес. Ал ошол эле күнү фейсбуктагы баракчасы аркылуу Атамбаевди ЖЭБге мыйзамсыз көмүр ташууга айыптаган.

Эгерде кимде ким Бишкек жылуулук борборуна мыйзамсыз көмүр жеткирүүгө тиешеси болсо, ал Атамбаев өзү! Мага 2014-жылдын сентябрында соңку жылдары бир булактан гана көмүр алып келген “Прогресс Компанинин” кызыкчылыгын Атамбаев коргоп жатканы тууралуу маалымат жеткен. Ошол учурда Кыргызстандын базарында дагы бир компания “Жезказган Энергосбыт” аттуу ишкана пайда болгон. Ал “Прогресс Компаниге” салыштырмалуу сапаттуу көмүр сунуштап, баасы да арзан болгонун айтышкан. Ортодогу айырма миллиондогон долларларды түзөт, - деп жазган Аида Салянова.

Тендердик комиссиянын айрым мүчөлөрү көмүр жеткирүүчү компанияны тандоодо алешемдиктер болгонун айтып келишкен. Бирок алардын пикирине учурунда маани берилген эмес.

“Негизи 36 доллардан турат көмүрдүн баасы. “Прогресс Компани” ортомчу болуп, жеткирип берген кызматы үчүн көмүрдүн тоннасы 56 доллардан бааланган. Мамлекетке жыл сайын 18-20 миллион доллар чыгым келтирилген десек болот. Кийинки тендерлерде кайра-кайра эле “Прогресс Компани” андан кийин аталышы өзгөргөн “Рассвет Компани” жеңишке ээ болуп турган. Себеби “Электр станциялары” ишканасынын жетекчилери башка компанияны тандагандан коркуп калышкан”, -деп билдирет энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев.

“Бишкек” ЖЭБи бир эле жылытуу мезгилинде миллион тоннадай көмүр керектейт. 

Аны ташуудагы коррупция боюнча айтылгандарды жана бардык айыптоолорду мурдагы мамлекет башчысы “айың кептерге” негизделген деп сыпаттады.