Жаңылыктар
Региондук өнүктүрүү механизмдерин каржылоо долбоорун талкуулоо кеңешмеси өттү
Экономика
Региондук өнүктүрүү механизмдерин каржылоо долбоорун талкуулоо кеңешмеси өттү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев региондук өнүктүрүү механизмдерин каржылоо долбоорун талкуулоо кеңешмесин өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында артыкчылыктуу багыттарга байланышкан маселелер талкууланды. Өкмөт башчысы мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактарда бизнес жана ишкердик үчүн жагымдуу шарттарды жана жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн жигердүү иштөөнү белгиледи. 

Белгиленген иш-чаралардан тышкары, кошумча чараларды көрүүнү, шаарды өнүктүрүү программаларын сапаттуу ишке ашырууну камсыздоо керек. 2019-2020-жылдары региондорду өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен каралган каржылоо инфраструктуралык долбоорлор боюнча – бардык каражат 20%дан ашпашы керек. Ал эми инвестициялык долбоорлору жана өнүктүрүү программалары боюнча – бардык каражаттар эң аз дегенде 80%ды түзүшү керек. Жолугушуунун соңунда катышуучулар региондорду өнүктүрүүнүн долбоордук каржылоонун бет ачарын өткөрүштү.