Жаңылыктар
Өткөн жылы Ысык-Көлгө 900 миң турист келген
Экономика
Өткөн жылы Ысык-Көлгө 900 миң турист келген

Ысык-Көл КМШ мамлекеттеринде мыкты эс алуу аймактарынын бешилтигинде биринчи орунду ээледи. Россиялык туристтик портал тизмени түзүүдө мейманканаларда ээлеп коюу системасын жана курорттордогу эс алуу үйлөрүн баалаган. Кийинки орундарда  Казакстандын Боровое, Азербайджандын Каспий деңиз жээгиндеги Худат курорту, Армениядагы Севан көлү жана Белорусиядагы  Нарочь көлү турат. Трейвел порталы Ысык-Көлдө  күндүн узактыгы Кара деңизге караганда көп экендигин, жайкы сезон  июндун  ортосунан  августтун  аягына  чейин  созуларын белгилеген.  Мындан сырткары, Ысык-Көл туристтерди таза суусу, куму таза көл жээги, тоолуу каттамдарда саякаттоо жана экологиялык таза мөмө-жемиштери менен кызыктырарын жазып чыккан.

Тарыхый маалыматтарда, Ысык-Көлдүн “туз көл” деген аты да болгону маалым. Буга көлдүн түпкүрүндө жана тегерек-четинде жылуу булактардын көп болгондугу  себеп болушу  мүмкүн. Суусу таза жана  касиеттүү.  Көлдүн эң терең жери 668 метр, узундугу 178 чакырым, туурасынын эң жазы жери 60 чакырым. Тескей жана Күнгөй тоо кыркаларынын ортосунда   чалкып жаткан кыргыз  берметине  кимдер гана суктанбаган. Мындай кооздукка жаратылышы да төп келип, түзөң жерлери бак-дарактуу, тоосу арча-карагай менен курчалган. Жүздөгөн пансионаттар жана эс алуу үйлөрү туристтерди жана эс алуучуларды ар дайым күтүп, алардын сүйүктүү жайларына айлангандыгын ар тараптан келген туристердин агымынан байкоого болот. Мисалга Казакстандан келген  Нурдөөлөт:  

“Жолду катар биз көптөгөн  Ысык-Көлдү көздөй агылган туристтердин санын көрдүк. Көпчүлүгү Орусия, Казакстандан келе жаткандар. Ысык-Көл мага абдан жакты. Жаратылышы кооз, абасы таза жана суусу тунук. Туризм  бул өлкөнүн бюджетине жөлөк болууда жана  жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жогорулатууда чоң роль ойнойт эмеспи.  Элдери  меймандос. Кечээ эле Каракол базарына  барып келдим, эч кандай жергиликтүү тургундар  тарабынан жаман мамилени байкай алган жокмун, биз менен  жылуу маанайда сүйлөшүп жатышты”.

Ал эми Орусиянын жараны Александр үй бүлөсү менен жыл сайын жай мезгилдеринде көлгө келип эс алганды салтка айландырып алган.Ага көлдүн жаратылышы өзгөчө жагат. 

“Нормалдуу, ал турсун абдан жакшы деп айта алам. Жаратылышы кооз жер. Суу таза, тим эле сонун экен. Айлана таза жана жагымдуу. Ошого достук мамилени дагы кошуп коюу абзел. Булар эң биринчи кезекте эске алуучу жагдайлар. Мен муну эмнеге айтып жатам, себеби бул жакка дүйнөнүн булуң бурчунан келген туристерди көрүп  жатам. Алар үчүн  өз ара түшүнүүчүлүк достук мамиле маанилүү. Бул алардын  коопсуздугу. Айтмакчы, биз бир ааламда жашап жатабыз да. Ортобуздагы достук, тилектештик жана тынчтык мамиле эң башкысы деп ойлойм”.

Ысык-Көлдө чет элдик туристерден сырткары өлкөнүн  башка  дубандарынан келген  эс алуучулар басымдуулук кылат. Жалал-Абаддан  келген Марип Асанов жолдун узактыгына  карабай  дайыма келем.  Көлдүн жагымдуу климаты, суусунун тазалыгы бизди эле эмес, башка  өлкөнүн  жарандарын кайдыгер калтырбай дейт. Туризм департаментинен  алынган маалыматтарга караганда, өткөн жылы Ысык-Көлгө 900  миң  турист келип эс алып кеткен.

Г. Каражанова, “Биринчи радио”