Жаңылыктар
Айыл чарба тармагын колдоого жеңилдетилген насыя берилди
Экономика
Айыл чарба тармагын колдоого жеңилдетилген насыя берилди

"Айыл чарбасын каржылоо–7" долбоорунун алкагында 28-июнга карата 4 миллиард 600 миллион сомдон ашык акча каражатына 9 миң 560 жеңилдетилген насыя берилди. Бул туурасында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен билдиришти. 

Анын ичинен 692 чарба субъектилери кепилдиксиз 84 миллион сом алышкан. Маалыматка ылайык, “Дыйканчылык” программасы боюнча 1 миллиард 8 миллион сом акча каражатына 2 миң 600дөн ашык жеңилдетилген насыя берилген. “Мал чарбасы” программасына 2,5 миллиард сомго 6 миң 600дөй жеңилдетилген насыя берилди. 

Ал эми "Айыл чарбасын кайра иштетүү жана кызмат көрсөтүү” программасы боюнча 962 миллион сомдон ашык каражатка 250 жеңилдетилген насыя берилди.