Жаңылыктар
Айдарбеков Норвегиянын Кыргызстандагы элчиси Оле Йохан Бёрной менен жолукту
Саясат
Айдарбеков Норвегиянын Кыргызстандагы элчиси Оле Йохан Бёрной менен жолукту

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Норвегиянын Кыргызстандагы элчиси Оле Йохан Бёрной менен жолукту. Маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар министр Айдарбековдун ушул жылдын январь айында Норвегияга болгон расмий сапарынын жыйынтыктарын, ошондой эле эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө сапаттуу кадам катары каралып жаткан биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү талкуулашты. 

"Министр радиациялык коопсуздукту бекемдөө боюнча тажрыйба алмашуу максатында кеңеш берүү сунушун эске салды. Борбордук Азиядагы уран калдык сактагычтарынын көйгөйүн чечүүгө катышып жатканы үчүн Норвегия өкмөтүнө ыраазычылык билдирилди. Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визаны жокко чыгаруу жана Реадмиссия боюнча Макулдашуулардын долбоорлору финалдык баскычка чыккандыгын тараптар канааттануу менен белгилешти", - деп айтылат маалыматта. 

Элчи эки өлкөнүн кызматташтыгынын деңгээлин жогору баалап, норвегия тарап мындан ары дагы тыгыз өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин айтты.