Жаңылыктар
Жарадар болгон сержанттын абалы жакшы
Кырсык
Жарадар болгон сержанттын абалы жакшы

Улуттук гвардиядагы кырсыктан улам оор жаракат алган сержант Матислам Мариповдун абалы канааттандыраарлык. Ал тамак ичкенге жарап жана өз алдынча басып да калды. Бейтап ооруканадан январдын онунан кийин чыгарылат, - деди Улуттук гвардиянын тарбия иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Таалайбек Мырзабаев.

28-декабрда сержант Мариповдун колуна, төшүнө жана ичине тийген үч октун экөөсү операция жолу менен алынды. Ал эми төшүнө тийген үчүнчү окту чыгаруу үчүн дарыгерлер операция кылууга шашылбайт, аны менен жашай берсе болот,- деп билдирди дарыгерлер.

Post1Эскерте кетсек, 28- декабрда таңкы саат 4:20да Улуттук гвардиянын 714 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн сержанттар Азамат Асылбек уулу жана Матислам Марипов менен кароолдо турган жоокер Аскар Мейкин уулунун ортосунда конфликт чыгып, Аскар Мейкин уулу ок чыгарууга мажбур болгон. Атылган октон бир сержант каза болуп, дагы бир сержант ооруканага оор абалда жеткирилген.