Жаңылыктар
Шашылыш билдирүү: сел, кар, көчкү
Өзгөчө кырдаал
 Шашылыш билдирүү: сел, кар, көчкү

 22-апрелге чейин Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күтүлүп жаткан тынымсыз жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүү коркунучу бар. Тоолуу райондордо жана Бишкек-Ош жолунун 121-137, 198-250-чакырымында, Каракол - Энилчек каттамынын 75-83-чакырымында кар көчкү түшүү коркунучу, кар күрткүсү жана тайгак болуу ыктымалдыгы сакталат.

Мындай аймактарда автоунаалар 500 метр аралыкты сакташы кажет. Абанын температурасы 10-12 градуска чейин түшүп, туруксуз аба ырайы айыл чарба жумуштарына кедергисин тийгизет. Малды жайытка чыгаруу кечеңдеп, автоунаа жана энергетика тармактарынын жана коммуналдык кызматтардын иши кыйындайт.