Жаңылыктар
Кабулдун борборунда адам өмүрлөрүн алган жардыруу болду
Дүйнө
Кабулдун борборунда адам өмүрлөрүн алган жардыруу болду

Кабулдун борборундагы жардыруудан кеминде 40 киши каза болуп, 65 адам жарадар болду. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Талибан" кыймылы алды. Ооган бийлигинин маалыматына караганда, калаа борборунда дүрмөттөлгөн машине жарылгандан кийин жоочулар имараттарды аткылай башташкан. 

Коопсуздук күчтөрү ал жерди дароо курчоого алган. Кол салуу Кабулдун дипломатиялык аймагында болгон. "The New York Times" гезити билдиргендей, өлгөндөрдүн арасында алты аскер кызматкери бар. “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү жоочулар Ооганстан Коргоо министрлигинин имаратын бутага алганын кабарлашты.