Жаңылыктар
Роза Отунбаева Атамбаевдин кол тийбестигинин алынышы тууралуу билдирүү таратты
Саясат
Роза Отунбаева Атамбаевдин кол тийбестигинин алынышы тууралуу билдирүү таратты

Экс-президент Роза Отунбаева мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинин алынышы тууралуу билдирүү таратты. Отунбаева бул процессти 2016-жылдын ноябрь айындагы Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин президент Атамбаевге импичмент жарыялоо боюнча демилгесинин логикалык уландысы катары сыпаттады. Ал ошол эле жылы депутат Канатбек Исаев да Атамбаевге кескин сын айтып чыкканын эстеп, натыйжада экөө Атамбаевдин саясий куугунтугуна алынганын белгилейт.

Роза Отунбаева өз билдирүүсүндө Жогорку Кеңештин ар бир чакырылышы ар кандай сын-пикирлерге кабылганын эске салып, азыркы шартта парламентти Алмазбек Атамбаев атайылап каралоого алганын кошумчалайт. 

Отунбаева депутаттык комиссиянын «Атамбаев саясий куугунтукка алды» деген айыптоосунан Башкы прокуратура негиз таппай койгону өкүнүчтүү экенин, чынында Атамбаевдин тушунда анын атаандаштарына каршы иштер токулганын билдирет. тунбаева Атамбаев саясий атаандаштарын өзү куугунтукка алган жол менен басып өтүшүн каалабай турганын, ага коюлган айыптар боюнча тергөө бейтарап жана калыс жүрүшү керек экенин айтууда.


Алмазбек Атамбаев коомчулукта конфронтацияны, радикализмди, келишпестиктерди жарата турган бөлүп-жаруучу түшүнүктөрдү таратуу чеберчилигин эң жакшы билет. Ушул күндөрү Атамбаев укуктук аракеттерге каршы иштерге даярдык катары баалоого боло турган бир нече нерселерди айтып жиберди. Азыркы бийликти «бакиевдики» деп атоо менен ал бир гана нерсени - аймак аралык кастыкты козутууну, өлкөнү өз жана өзгө деп бөлүүнү көздөп жатат. 

Аялдардан, аксакалдардан жана жаштардан өзүнө тирүү коргон жасап, өзүнө карата ыкчам тергөө аракеттерине курал менен каршылык көрсөтөрүн билдирүүдө. Ал муну оппозициялык ишмердүүлүк жана жеке эрдик катары сүрөттөп жатат, бирок ал өзүнүн саясий чабалдыгын жана адамдык алсыздыгын көрсөтүүдө. Ушул эле тергөөчүлөр, прокурорлор жана соттор менен өзү куугунтукка алган атаандаштарына, митинг өткөрбөй, өзүнүн актыгын сотто далилдөөгө ал өзү чакырып келген эмес беле? Саясий буйрук менен камакка алына турганын билип туруп, өзүнүн атынын актыгы үчүн күрөшүү үчүн Өмүрбек Текебаев Кыргызстанга келбеди беле? 

Аз күн мурдараак Армениянын президенти Роберт Кочарян үчүнчү жолу камакка алынып, бирок күнөөсүн мойнуна албаганына карабай, соттун чечими чыккандан кийин тергөөгө өз ыктыяры менен келди. Ал муну атаандаштары менен тарапташтарын кагыштырууну жана араң жеткен туруктуулукту бузуп алууну каалабай турганы менен түшүндүрдү. Мына, саясий лидерлердин жоопкерчилиги жана инсандын духунун бекемдиги. Алмазбек Атамбаев ушул саясатчыларды үлгү тутуп, өзүндөгү коомго болгон сый мамилени ойготсо болмок. Ошондо коом да ага карата кылмыш ишин жарандык көзөмөлгө алмак.