Жаңылыктар
Музей менен ат майданга байланыштуу сот отуруму өттү
Коррупция
Музей менен ат майданга байланыштуу сот отуруму өттү

Тарых музейин реконструкциялоодо мамлекетке 101 миллион сом, ал эми Чолпон-Атадагы ат майданды курууда 144 миллион сомдук зыян келтирилген. Мындай маалымат аталган иштерге байланыштуу Биринчи май райондук сотундагы отурумда айтылды. Алты айыпталуучунун катарында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков да бар. 

Ошондой эле, музейге байланыштуу иште Президенттин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Мира Карыбаева айыпталууда.