Жаңылыктар
"Ысык-Көл" аба майданында каттамдар көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
"Ысык-Көл" аба майданында каттамдар көбөйдү

Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту жайкы туристтик мезгилде төрт шаардан үзгүлтүксүз каттамдарды кабыл алып турат. Туристтерди ташыган учактар Ташкент, Алматы, Новосибирск жана Ош шаарынан келип-кетерин "Манас" аэропортунун маалымат кызматы билдирди.


Эң алгачкы болуп өзбекстандык туристтерди "Uzbekistan Airways" компаниясы 27-июнь күнү алып келген. Ташкент — Тамчы каттамы сентябрь айына чейин аптасына бир ирет, бейшемби күндөрү аткарылат. Ал эми "QAZAQ Air" компаниясынын учагы Алматыдан 74 жүргүнчүсү менен 1-июлда Тамчы айылына келип конду. Каттам аптасына эки ирет, дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат.


Россиялык туристтерди "Сибирь" компаниясы жумасына бир жолу, жекшемби күндөрү алып келип турмакчы. Мындай милдетти мойнуна S7 компаниясы алган. Ысык-Көлгө башка шаардан учак менен эң көп каттагандар — Ош облусунун тургундары. Анткени түштүк калаадан Тамчыга жумасына төрт жолу, дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү самолёт учат.