Жаңылыктар
Жалил Атамбаевдин мамлекеттен жашырган салыктары аныкталды
Кылмыш
Жалил Атамбаевдин мамлекеттен жашырган салыктары аныкталды

Ишкер Жалил Атамбаевге жана анын жакындарына таандык компаниялар 40 миллион сом салыкты жашырганы аныкталды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Ош шаарындагы ишкер Жалил Атамбаевдин салыктан буйтаганы тууралуу фактыга байланыштуу териштирүүнүн алгачкы жыйынтыгын жарыялады. Сүрүштүрүү иштери "Азаттыктын" иликтөөсүнөн кийин башталган. 

Көрсөтүүдө айтылган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 22-апрелде катталган. Иликтөө иштери Жазык кодексинин «Салык төлөөдөн жана милдеттүү төлөмдөрдөн качуу» беренеси менен текшериле баштаган.

Расмий маалыматта айтылгандай, "Териштирүүдө "А.Д." ишканасы 28 миллион сом, "О.О." ишканасы 12 миллион сом жашырганы такталды".

Берүүдө Жалил Атамбаевге жана анын жакындарына тиешелүү экени айтылган “ППА”, “Ормош-Ойл”, “Жаңы доор”, “Токбай курулуш”, “ЖБК строй”, “Беш-Арча”, “Агро доор” жана “Айтук строй” фирмалары мамлекетке салык төлөбөй келгени көрсөтүлгөн.

Бир катар депутаттардын жана коомчулуктун сын-пикири орун алып, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы текшерүү ишин баштаган. Иликтөөдөн соң, ишкер Жалил Атамбаев "Азаттыктын" журналисти Ыдырыс Исаковдон 50 миллион сом өндүрүү максатында сотко кайрылып, кийин арызын кайтарып алган.