"Кыргызстанга барып келдим" деген аталышта австралиянын айымдар үчүн Travel Play Live журналына Сиднейлик журналист кыздын Таласка болгон саякаты туурасында макаласы чыкты. Бул туурасында 10 күн бою Таластын тоолорун велосипед менен кыдырган Трейси сайттагы өз баракчасына жазган.
Макалада жазылгандар туурасында журналист ой бөлүшүп, анын бул сапары кызыктуу болгонун белгилейт.
"Кыргызстанга жасаган сапарым туурасында мен Люси Соун менен маектештим. Люси тааныш эмес алыскы өлкөгө барган кандай кооптуу, ары кызыктуу экенин сурап, менин жоопторумдан улам өзү да кыргыз элинин меймандостугуна кызыгып отурду, - дейт Трейси.
Анан калса велосипед менен тоолорду кыдыруу опурталдуу, бирок саякатым маңызына чыкты, - деген австриялык журналист, макаладан кийин мен кайрадан кыргыз жерине жетеленип турам дейт ал.