Жаңылыктар
Ысык-Көлдөгү мектептер электрондук тутумга өтүүдө
Билим
Ысык-Көлдөгү мектептер электрондук тутумга өтүүдө

Ысык-Көл районунун мектептери электрондук тутумга өтүүдө. Маалыматка ылайык, 2-июлда Ысык-Көл районундагы мектептердин директорлору менен мугалимдери үчүн атайын жыйын уюштурулуп, анда аталган система боюнча толук маалымат берилди. Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев билдиргендей, система долбоордун негизинде киргизилип жатат. Анын алкагында мектептеги мугалим менен ата-эненин ортосундагы байланыш бекемделет. 

"Анткени, окуучунун бардык жетишкендиктери тууралуу маалымат электрондук системага өтөт. Ата-энелер каалаган жеринен баласы тууралуу интернет аркылуу түздөн-түз маалымат ала алат", — деди Иманалиев. 

Система аркылуу окуучуга берилген үй тапшырмаларын, сабактардын расписаниесин жана электрондук журнал менен күндөлүктү көрүп турууга болот. Ошондой эле, тутумдун чөнтөк телефонго ыңгайлашкан версиясы бар, аны уюлдук телефонго орнотуп алууга болот. 

"Акылдуу мектеп" долбоору россиялык "Веб-мост" компаниясы менен Москва шаарында өткөн "Ысык-Көл форумунда" район жетекчилиги тарабынан макулдашылып, ишке ашырылды.