Жаңылыктар
Сабалган чет элдик жарандын абалы оор
Кырсык
Сабалган чет элдик жарандын абалы оор

Бишкектеги ЦУМдун жанында нигериялык жаран сабалды. Бишкек милициясы билдиргендей, факт 138-берененин ("Ден соолукка оор залака келтирүү") негизинде Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, шектүү изделип жатат. 

Эс-учун билбей жаткан жаранды телефонго тартылган учур "Короче" Telegram-каналында жайгаштырылган. Кадрлардан жерде жаткан кишиге адамдар жардам берүүгө аракет кылып жатышканын көрүүгө болот. 

Күбөлөрдүн айтымында, жаран ЦУМдан белгисиз адам менен чыккан жана ортодо чыр чыккан. Белгисиз адам аны бетке уруп жибергенде, ал жыгылып, башы менен асфальтка тийген. Азыр ал реанимацияда комада жатат.