Жаңылыктар
Чуулгандуу иштердин учугу
Саясат
Чуулгандуу иштердин учугу

Башкы прокуратура Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы 2,7 гектар жердин жеке колго өтүшүн иликтеп, тиешелүү жактардын аны менчиктештирүүдөгү иш аракеттерине укуктук баа берет. Белгилей кетсек, буга чейин парламенттеги депутаттык комиссия өз иликтөөсүндө Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда коррупциялык иштерге аралашты деген 9 иш боюнча корутунду чыгарган. Башкы прокуратура анын бешөө боюнча кылмыштын белгилери бар деп бүтүм чыгарган. Анын ичинде Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирүү маселеси да бар.

Мурда “Дастан” транс улуттук корпорациясына тиешелүү болгон 2 гектар 70 сотых жер тилкесинде азыр мурдагы президенттин хан сарайы турат. Курулуш иштери 2016-17-жылдары жүргүзүлүп, чок ортосунда заңгыраган заманбап үлгүдөгү үй, тегерек четинде ашкана, кароолчулар үйү, кызматчылар үйү, мончо жана унаа токтотуучу жай бар. Мындан сырткары алты канат боз үй тибиндеги имарат жакында эле курулган.

Жер тилкесинин тарыхына тереңирээк токтолсок, ал 2000-жылдардан бери “Дастан” ишканасынын карамагында болуп, 2008-жылы Максим Бакиевге таандык болгон “АртСтройДизайн” компаниясына 26 млн сомго сатылат. Бирок, Бакиевдин компаниясы акчасын убагында төлөп берген эмес. 2010-жылы элдик ыңкылаптан кийин ортодогу келишим бузулуп, жер тилкеси кайрадан "Дастан" ишканасына өтөт. Арадан алты жыл өткөндөн кийин, тактап айтканда 2016-жылы 2,7 гектар жер тилкеси Алмазбек Атамбаевдин атында экени ачыкка чыкты.

Парламенттеги депутаттык комиссия өз иликтөөсүндө мына ушул жер тилкесин менчиктештирүүдө мыйзам бузулуп, коррупциялык көрүнүштөр орун алган деген тыянакка келип, мурдагы президентке коюлган 9 айыптын бири Кой-Таштагы жер тилкеси болду. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, бул иште кылмыштын белгилери болгондуктан, иликтөөгө алууга толук негиз бар деп билдирди.

Жер тилкеде буга чейин соңуна чыкпай калган айрым курулуштар болгон. Колдон колго өткөн, мына ушундай чуулуу жерди мыйзамсыз менчиктеп, ал жерге хан сарай салуу жогорку мамлекеттик кызматта турган адамга жарашпай турган нерсе болчу дешет адистер. Укуктук жоопкерчилик менен бирге моралдык жоопкерчилик тууралуу да эскертишти.

Ал арада мурдагы президенттин тушунда болгон айрым мыйзамсыз иш аракеттер тууралуу Орусиялык эксперт, саясат талдоочу Аркадий Дубнов биздин каналга өз пикирин билдирди.

Алмазбек Атамбаев өзү болсо ага карата коюлган айыптарды ойдон чыгарылган деп, макул эместигин билдирүүдө. Ал эми адистер бардык иш аракеттер укуктук талаада жүргүзүлүп, ошол эле кезде бардык жарандар мыйзам алдында бирдей экенин эскертишүүдө.