Жаңылыктар
ЖК Төрагасы Парламенттин ишинин жыйынтыктары тууралуу маалымат берди
Саясат
ЖК Төрагасы Парламенттин ишинин жыйынтыктары тууралуу маалымат берди

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Парламенттин ишинин жыйынтыктары тууралуу журналисттерге маалымат берди. Анда Төрага Жогорку Кеңеш бир катар маанилүү мыйзамдарды, олуттуу маселелер боюнча чечкиндүү чечимдерди кабыл алганын жана көйгөйлөр да талкууга түшкөнүн билдирди.

Өзгөчө соңку учурда Парламент саясий чордонго айланды. Кызыктырган суроолору арбын журналисттер төраганын маалымат жыйынына да арбын келди. Дастан Жумабеков Жогорку Кеңеш коомдо ар кандай пикирди жараткан орчундуу маселелерди кызыл-чеке болуп талкуулаган аянтча боло алгандыгын айтат. Парламент бир катар олуттуу маселелерде саясий эркин көрсөтө алганын белгилеген спикер алардын эң урунттуулары уран кенине, чек ара маселесине, Бишкек ЖЭБиндеги жемкорлукка байланыштуу, соңкусу Атамбаевдин экс-президент макамын алып салуу чечимин кабыл алды - деди.

Төрагага журналисттер тарабынан эң көп берилген суроо да дал ушул темада, Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу боюнча болду. 

Саясий маселелер менен бирге социалдык, экономикалык, экология жана башка жагдайлар Парламенттин талкуусуна түштү. Депутаттар бюджетти кабыл алып берди, Аймактарды таза суу менен камсыздоо өңдүү маанилүү долбоорлор, мыйзамдар кабыл алынды. Эл өкүлдөрү Өкмөттүн аткарган иши боюнча аны менен кошо башка министрлик менен мекемелердин маалыматтарын да угушту. Орчундуулары боюнча депуттык комиссия түзүлдү, парламенттик угуулар өттү.

Жогорку Кеңештин Төрагасына узатылган суроолор абдан көп жана ар кандай багытта болду. Алардын ичинде парламенттин дарегине айтылып жаткан сын-пикирлер, депутаттардын санын кыскартуу, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү, "Кумтөр" кенине байланыштуу жана журналисттердин арасында такай көтөрүлүүчү кийим кийүү маданияты боюнча, жада калса төраганын кайсы уруудан экенине да кызыккандар болду. Төрага журналисттердин баардык суроолоруна жооп берди.