Жаңылыктар
Лахол айылынын тургундары таза суу көйгөйүнөн арылышты
Аймак
Лахол айылынын тургундары таза суу көйгөйүнөн арылышты

Көптөн күткөн көйгөй чечилди. Нарын районунун Лахол айылынын эли бир жылдан бери күткөн таза суу көйгөйүнөн арылышты. Буга мамлекеттен 18 миллион сомдон ашык каражат бөлүнүп, курулуш-монтаждоо иштери жыл айланбай аягына чыкты.

Нарын районунун эң алыскы айылы - Лахол. Убагында таза суу таңсыктыгы күч эле. Азыр борбордогудай эле үйлөрдүн чоргосунан чыккан суу элеттиктердин жашоосун жакшыртууга өбөлгө болду.

Көйгөйдү чечүү үчүн мамлекет былтыр 18 миллион сомдон ашык акча которуп, курулуш монтаждоо иштери жыл айланбай бүткөн. Учурда ар бир үйдүн ичине чейин таза суу тартылып, атүгүл айрымдары ысык суу да чыгарып алышты.

Таза суу тартыштыгынын жоюлушу менен мектеп, бала бакча жана медициналык бөлүмдө да шарттар жакшырды.

Ондогон жылдар бою суу маселеси курчуп келген айылда жашаган калктын да саламаттыгы коркунучта болчу дешет тургундар. Анткени айла жоктун айынан амалы түгөнгөн эл ылай суудан ичип, көптөгөн жугуштуу илдеттерге кабылгандар бар.

Нарын облусунда 135 айыл болсо, бүгүнкү күндө анын 45инде таза суу жок. Бул маселени чечүү үчүн Азия өнүктүрүү банкынын каражатынын эсебинен жакынкы жылдарда 42 айылга таза суу тартылат.