Жаңылыктар
Инвестициялык ишмердүүлүктүн абалы
Экономика
Инвестициялык ишмердүүлүктүн абалы

2018-жылы чет элдик түз инвестициялардын агымы мурдагы жылга салыштырмалуу 38 % га өскөн. Бул - өлкөгө инвестиция тартуу жана ишкерлерди колдоо боюнча иштер өз жыйынтыктарын бере баштады дегенди түшүндүрөт. Бул максатта бир катар аймактарда ишкерлерди колдоо борборлору жана бизнес-омбудсмен институттары түзүлдү.

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында негизги иш-аракет аймактарды өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарды түзүүгө, айыл жеринде ишкерликти өнүктүрүүгө багытталууда. Иштин башы деп алгач эле ишкерлик субъекттерин текшерүүгө 2 жылдык мораторий киргизилген. Мындай жагдай эми 2021-жылга чейин күчүндө.

Ишкерлерди колдоо борборлору аймактардагы ишкерлерге жана жаңыдан бизнес баштайм деген жергиликтүү тургундарга акысыз кеп-кеңеш берүүдө. Ошондой эле юридикалык жардам көрсөтүлүп, бизнести башкаруу, пландоо жолдору үйрөтүлүүдө.

Кезегинде өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга инвестициялык долбоорлорду сапаттуу түзүүнү жана ишке ашырууну, келип чыккан көйгөйлөрдү ыкчам чечүүнү тапшырган эле. Анткени мындай жагдай инвесторлордун өкмөткө карата ишениминин деңгээлин жогорулатып, мамлекеттин имиджине таасирин тийгизет.

Эң башкысы жер-жерлерде ишкерлер үчүн насыялык булактардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо. Буга чейин бул багытта Бишкек жана Ош шаарларына, Чүй облусуна гана багытталган иштер болуп келсе, эми аймактарды өнүктүрүүдө жер-жерлерде насыялык ресурстардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо иштери да жанданды.

Мындан тышкары фермерлер жеңилдетилген насыяларды алууга өз долбоорлорун сунуштоо үчүн бизнес-пландарды иштеп чыгууну үйрөнүүдө. Өз кезегинде райондордун акимдери окутууда жана тиешелүү семинарларды өткөрүүдө көмөк көрсөткөн эл аралык институттар менен иш алып барууда.