Жаңылыктар
Путин Кыргызстандын Россиядагы элчиси Жекшенкуловдон ишеним грамотасын алды
Саясат
Путин Кыргызстандын Россиядагы элчиси Жекшенкуловдон ишеним грамотасын алды

Россиянын Президенти Владимир Путин Кыргызстандын Россиядагы жаңы элчиси Аликбек Жекшенкуловдон ишеним грамотасын алды. Анда  мамлекеттердин ортосундагы мамилелер, достукта жана бирдикте жашоонун көп кылымдык тажырыйбаларынын фундаментинин негизинде курулушу жана өнүгүшү керектиги белгиленди. 


Аликбек Жекшенкулов Россиядагы Кыргызстандын 8-элчиси. Ишеним грамотасын тапшыруу менен, элчи өлкөнүн мамлекет башчысы менен расмий жүз көрүшүп, президент менен элчинин ортосундагы ишенимдин артышына мүмкүнчүлүк түзүлөт.


Мамлекет башчысына ишеним грамотасын Кыргызстандан сырткары, Конго, Сьерра-Леоне, Бразилия, Эфиопия, Белоруссия, Никарагуа, Түркия, Хорватия, Намибия, Мавритания, Афганистан, Греция, Корея, Кипр, Коста-Рика, Сейшел аралдары жана Ботсвананын элчилери тапшырды. Бардык ишеним грамоталары тапшырылган соң, Владимир Путин салтка айлангандай эле, ар бир өлкө менен болгон кызматташтык тууралуу сөз сүйлөдү. Анда  Кыргызстан Россия үчүн стратегиялык өнөктөш экенин баса белгиледи.


Белгилей кетсек, Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарында, 6 миллиард долларлык жалпы 50 документке кол коюлган. Ага ылайык, айыл чарба, транспорт, энергетика, билим берүү жана аскерий кызматташтык боюнча, министрликтер иш алып барууда.