Жаңылыктар
Борбор аянтта жоогазын уурдагандар кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор аянтта жоогазын уурдагандар кармалды

 Бишкектеги Курманжан Датканын эстелигинин жанындагы жоогазын гүлдөрүн талкалап, уурдаган деп Ысык-Ата районунун Новопокровка айылынын цыган улутундагы эки тургуну кармалды. Бул туурасында милиция кызматынан маалымдашты. 

Эске салсак, Эркиндик бульварындагы Курманжан Датканын эстелигинин алдына тигилген 1 миң 200 жоогазын кимдир бирөөлөр тарабынан уурдалып, талкаланганы туурасында билдирүү түшкөн. 

Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери окуя боюнча иликтеп-тергөө жүргүзгөн. Иликтөө көрсөткөндөй, бул гүлдөрдү 40-45 жаштагы цыган улутундагы эки аял кафе-барларга кирип сатып жүргөнүн көргөндөр болгон. Дагы башка күбөлөрдүн айтымында, жоогазындарды цыган улутундагы өспүрүм балдар да жулуп жаткан.