Жаңылыктар
Алексей Петрушевский үй камагына чыгарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Алексей Петрушевский үй камагына чыгарылды

Бишкек мэриясынын алдындагы Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун мурдагы директору Алексей Петрушевский үй камагына чыгарылды.

Биринчи Май райондук сотунан маалымдашкандай, чечим тергөөчүнүн сунушунан кийин кабыл алынды. Петрушевский ден соолугуна байланыштуу эми 6-августка чейин үй камагында болот. 

Белгилей кетсек, Петрушевскийге Кылмыш-жаза кодексинин "Пайда көрүү максатында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде айып тагылып, 6-июнда кармалган. Алгач үй камагында болуп, 27-июнда соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилген.