Жаңылыктар
Чет элдик жаранды сабады деп шектелген жаран кармалды
Кылмыш
Чет элдик жаранды сабады деп шектелген жаран кармалды

Шаардык милиция Бишкектеги "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн жанынан чет элдик адамды сабады делген шектүү кишини кармады. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Окуя 2-июлда болжол менен күндүзгү саат төрттө соода борбордун жанында болгон. Чет элдик жаранды бейтааныш киши чапкан, соккудан улам ал асфальтка кулап эс-учун жоготкон. Жабырлануучунун жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей жатканы айтылган. Премьер-министр аталган фактынын бетин тез арада ачууну ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге тапшырган. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Свердлов РИИБдин криминалдык кызматы тарабынан шектүү катары Ысык-Көл облусунун 22 жаштагы тургуну кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.