Жаңылыктар
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал туруктуу
Чек ара
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал туруктуу

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал туруктуу. билдирди. Маалыматка караганда, 3-июлда Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айылында жайгашкан май куйуучу жайда станциянын ээси менен коңшу өлкөнүн жаранынын ортосунда пикир келишпестик болгон. 

Буга жооп кылып Аксай айылынын тургундары Исфара-Ворух жолун жабышкан. Ушул эле күнү Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү жолугушуп, жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. 

4-июлга караган түнү саат 2:00де Исфара-Ворух жолу ачылды. Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абалды көзөмөлдөп турат.