Жаңылыктар
Баткенде Калкты тейлөө борборунун жаңы кеңсеси ачылды
Аймак
Баткенде Калкты тейлөө борборунун жаңы кеңсеси ачылды

Президент Сооронбай Жээнбековдун аймактарга сапары Баткен облусунда уланууда. Мамлекет башчы алгач, өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында ишке ашып жаткан Баткен шаарындагы Калкты тейлөө борборунун жаңы кеңсесинин ачылыш салтанатына катышты. 

Өлкө башчы жаңы имараттын шарттары менен таанышып, андагы кызматкерлердин ишине ийгилик каалап, элге сапаттуу кызмат көрсөтүү зарылдыгын айтты. Калкты тейлоо борбору буга чейин, Кыргыз почтасынын Баткендеги мекемесинин имаратында иштеп келген. 350 чарчы метр аянттагы борбор аймактагы 120 миңден ашуун калкка кызмат көрсөтөт.