Жаңылыктар
Премьер-министр өлкөдөгү экономикалык өсүштү белгиледи
Экономика
Премьер-министр өлкөдөгү экономикалык өсүштү белгиледи

5 айда ИДП 5,6 %га өстү. Бул туурасында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик үлүшкө катыштыгы бар каржылык-кредиттик мекемелердин ишмердүүлүгү боюнча өткөргөн жыйында билдирди.

Өкмөт башчы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун бизнес-долбоорлорун жөнөкөйлөтүүнү кайра карап чыгуу керектигин баса белгиледи. Мындан тышкары, аялдардын ишкердүүлүгүн колдоо жана туризм чөйрөсүндөгү объекттерди насыялоо керек.

Жыйындын жүрүшүндө, каржы-кредиттик уюмдарга, анын ичинен “Айыл банк” ААКка, региондордо айыл-чарба жана кайра иштетүү өнөр жайын насыялоо ишин күчтөндүрүүнү тапшырды.

“РСК банк” жана “Кепилдик фонд” акционердик коомдорун капиталдаштыруу маселелерин чечүүнү тездетүүнү Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго тапшырды.