Жаңылыктар
Аймактардагы ишканаларга колдоо көрсөтүлөт
Аймак
Аймактардагы ишканаларга колдоо көрсөтүлөт

Региондордогу ишканаларга колдоо көрсөтүү Өкмөттүн ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири. Бул туурасында Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Ош облусунда ири ишканаларга жардам берүү көрсөтмөлөрүн аткаруунун жүрүшүн талкуулаган кеңешмеде айтты. 

Жыйында кеңейтүүгө же жандандыруу иштерине муктаж ишканаларга жардам берүү үчүн кабыл алынган конкреттүү чаралар тууралуу маалыматтар айтылды. Ушундай эле “Кыргыз Текстиль ЛТД“ тигүү фабрикасынын өндүрүштүк линиясы, “Насос заводу–5” жоопкерчилиги чектелген коому жана 2010-жылы өрттөнүп кеткен “Ош жашылча-жемиш комбинаты” ишканалары кайра жандандырууга муктаж.