Жаңылыктар
Төрагалыкка Чыныбай Турсунбеков сунушталды
Саясат
Төрагалыкка Чыныбай Турсунбеков сунушталды

 «Ата Мекен» фракциясы Жогорку Кеңештин төрагалыгына КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин сунуштоодо.

 Бул туурасында башкы ата-мекенчи Өмүрбек Текебаев журналисттерге билдирди. Анын айтымында, Чыныбай Турсунбеков төрагалыкка татыктуу талапкер. 

"Биринчиден ал эки чакырылыш удаа эл өкүлү болуп иштеп жатат. Экинчиден, ири фракцияны экинчи мөөнөт жетектеп келет жана көпчүлүк коалициянын да башчысы. Үчүнчүдөн, парламенттеги ишмердиги учурунда ал - кабыл алынган чечимдерге жана иштей албаган өкмөткө жоопкерчиликти ала алаарын көрсөттү. Төртүнчүдөн, Турсунбеков абройлуу саясатчы десек болот. Ошондуктан, анын талапкерлиги колдоо табат", - деген оюн Өмүрбек Текебаев билдирди.