Жаңылыктар
Жээнбеков: "Чек аранын бекемдиги - ушул жерде жашаган элдин кайраты, майтарылбас эрки менен шартталат"
Чек ара
Жээнбеков: "Чек аранын бекемдиги - ушул жерде жашаган элдин кайраты, майтарылбас эрки менен шартталат"

Чек аранын бекем болушу - ушул жерде жашаган элдин кайраты, майтарылбас эрки менен шартталат. Мындай пикирин Президент Сооронбай Жээнбеков 4-июлда Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда айтты. Мамлекет башчы белгилегендей, Баткен районундагы негизги көйгөй – бул чек ара маселеси. Ошондуктан чек араны бекемдөөгө өзгөчө көңүл буруп жатабыз, - деди Мамлекет башчы. Өлкө жетекчиси чек ара маселесин чечүү жеңил эмес экенин, Өзбекстан менен көп убакыттан бери чечилбей келген чек ара маселелерине чекит коюлуп, чек ара 85 пайызга такталганын эске салды.

Чек аранын калган тилкеси эртеби, кечпи сөзсүз чечилерин, ал үчүн убакыт, анан сабырдуулук керектигин айтты.

Ал ошондой эле чек арага жакын жашаган баткендиктерге мамлекеттин бүтүндүгүнө салым кошуп жатканы үчүн ыраазычылык билдирди, бирок ар кандай чагымдарга алдырбай, ага жол бербестен, укук коргоо органдарына өз ишин аткарууга мүмкүндүк берүү керектигин билдирди.

Мамлекет башчысы эске салгандай, Мекен сактыгында турган чек арачылардын эмгегин белгилеп, аларга татыктуу шарт түзүп берүү боюнча Баткен облусунда жаңы заставалар, посттор жана имараттар, чек ара инфраструктуралары жана турак жайлар ишке берилди. Аскер кызматкерлери үчүн 24 батирлүү жана 90 батирлүү үйлөр жана Ички иштер министрлигинин административдик имараты бүткөрүлдү.

2017-жылы “Миң булак” чек ара заставасы жана “Чарбак” заставасында аскер кызматкерлери үчүн турак үй курулду. 2018-жылы “Газпром” чек ара заставасы иштеп баштады. 2019-жылы “Достук”, “Орто-Боз” жана “Факел” (Ак-Турпак”) чек ара заставасынын комплекси курулуп, ишке берилди. Чек араны бекемдөө боюнча инженердик-техникалык иштер дагы ырааты менен жүрүп жатат.

Өкмөттүн 2013-жылы чыккан атайын токтомуна ылайык, Баткен районундагы чек арага чектеш айылдардын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу, алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жумуштар аткарылды.