Жаңылыктар
С.Жээнбеков Баткенде Үй-бүлөлүк медицина борборунун имараты менен таанышты
Ден соолук
С.Жээнбеков Баткенде Үй-бүлөлүк медицина борборунун имараты менен таанышты

Жергиликтүү эл менен болгон жолугушуудан кийин, Президент Баткен облусунун жарандары үчүн курулган Үй-бүлөлүк медицина борборунун имараты менен таанышты. Андан соң элдин эң көйгөйлүү маселеси болгон логистикалык борбор үчүн каралып жаткан жер аянтына барды.

Эски имарат, тар, күңүрт коридор. Бул - Баткен облустук Үй-бүлөлүк медицина борбору. 1975-жылы пайдаланууга берилген. Эн узун кезек азыр жугуштуу оорулар бөлмөсүнүн жанында. Мөмө-жемиш бышкан маалда дарыгерлер түштөнүүсүз кабыл алууга туура келет.