Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаевдин шектүү иштери иликтенет
Саясат
Алмазбек Атамбаевдин шектүү иштери иликтенет

Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин “Ака Инвест” компаниясы менен түзгөн шектүү келишимдерин дагы иликтейт. Буга чейин инвестициялык компаниянын ээси делген, 28 жаштагы Субихи Пархати аттуу жаран Атамбаевден “Форум” жоопкерчилиги чектелген коомун сатып алганы, бирок ишкананын активдери иш жүзүндө мурдагы президенттин өзүндө эле калганы ырасталган. 

Андыктан депутаттык комиссиянын корутундусунда көрсөтүлгөн күмөндүү келишимдерди көзөмөл органы иликтеп, укуктук баа бермей болду.