Жаңылыктар
Апрелчилер Мискенбаевге доомат коюшту
Саясат
Апрелчилер Мискенбаевге доомат коюшту

Апрель ыңкылабынын катышуучулары Мээрбек Мискенбаевдин митингдеги билдирүүлөрүнө жооп кайтарышты. Алар Мискенбаевди “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесин жетектеп турганда, ыңкылапта каза болгон адамдардын жакындарына жана жаракат алгандарга өкмөт тарабынан берилген социалдык жардамдарды өзүнө ыйгарып алган деп айыптап келишет. Мурдагы мамлекет башчысы митингде Мискенбаевди колдоп сүйлөп, аны келечектин элитасы катары сыпаттаган.

Кол тийбестиктен ажыраган Атамбаевдин тарапташы мурдагы мамлекет башчысына берилгенин дагы бир ирет далилдеп, Медиафорумдун алдында өткөн митингде токтоно албай көпкө сүйлөдү. Мындай иш-чараларда жанынан чыкпай жүргөнү үчүнбү же өлкө келечегин чындап Мискенбаевге тапшырууну каалайбы, айтор Атамбаев аны элита катары көргүсү келет.