Жаңылыктар
Кыргызстандын алтын валюта корунун көлөмү өсүүдө
Экономика
Кыргызстандын алтын валюта корунун көлөмү өсүүдө

Июнь айынын аягына карата Кыргызстандын алтын валюта корунун көлөмү 2 миллиард 244 миллион 520 000 долларды түздү. Бул туурасында Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланды. 

Мындай рекорддук көрсөткүч 2014-жылдын июль айында да болуп, анын көлөмү азыркыдан 18,5 миллион долларга көбүрөөк болгон.

Ал эми май айына салыштырмалуу 73,5 миллион долларга жогорулаган. Башкача айтканда, саатына 102 000 доллардан өсүүдө. 

Кыргызстандын эл аралык валюта резервинде валютанын ондон ашуун түрү жана алтын бар. Аларды эл аралык деңгээлде колдонуп, төлөм жүргүзүп, төлөө баланстарынын тартыштыгын жабуу жана улуттук валютанын курсун турукташтыруу үчүн колдонууга болот.