Жаңылыктар
Абылгазиев Дүйнө чемпионатына жолдомо алган шахматчы кызды кабыл алды
Спорт
Абылгазиев Дүйнө чемпионатына жолдомо алган шахматчы кызды кабыл алды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев шахмат боюнча ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында АКШда өтө турган Дүйнө чемпионатына жолдомо алган 12 жаштагы Дария менен жолугушту. 

Ушул жылдын апрелинде мүмкүнчүлүктөрү чектелген 20 жашка чейинки балдар жана кыздар арасында Кыргызстандын шахмат боюнча биринчи Чемпионатында Дария алтын медаль утуп, АКШда өтө турган III Дүйнөлүк чемпионатка катышууга мүмкүнчүлүк алды.

Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдө параолимпиада кыймылын өнүктүрүүгө жардам көрсөтүүгө жана параолимпиадачыларга мамлекет колдоо көрсөтүүгө аракет кылып жаткандыгын белгилеп, Өкмөт тарабынан алдыңкы спортсмендердин стипендияларынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө чечим кабыл алынгандыгын белгиледи.

Премьер-министр Шахмат федерациясынын өкүлдөрүнө жана машыктыруучунун спортко болгон сүйүүсүнө жана атамекендик спортчуларды эл аралык мелдешке жакшы даярдоосу үчүн жана Дарияга алдыдагы чемпионатта жана башка эл аралык мелдештерде ийгиликтерди каалады.