Жаңылыктар
Бишкек шаардык соту Салянованын баш коргоо чарасын карап жатат
Саясат
Бишкек шаардык соту Салянованын баш коргоо чарасын карап жатат

Бүгүн, 5-июлда Бишкек шаардык соту мурунку башкы прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасын карап жатат. Анын 80ден ашуун тарапташы имаратта соттун чечимин күтүп жатат.

Буга чейин Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын узартып, 26-августка чейин СИЗО-1 мекемесинде камакта калтырган болчу.

А.Салянова 4-июнга караган түнү Бишкек ШИИБге 48 саатка убактылуу киргизилген. Анын камалышы «мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишке байланыштуу.