Жаңылыктар
Көкөмерен суусуна түшүп кеткен Абдылдаевдин небере кызынын сөөгү табылды
Кырсык
Көкөмерен суусуна түшүп кеткен Абдылдаевдин небере кызынын сөөгү табылды

Көкөмерен суусуна түшүп кеткен өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн Аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаевдин небере кызынын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Кыздын сөөгү 4-июлда, саат 19:30дар чамасында табылган. Учурда маркумдун жубайы менен уулу дайынсыз болууда. Буга чейин Абдылдаев менен анын айдоочусунун сөөгү табылган. 

Учурда 106 куткаруучу издөө иштерине тартылды. Эскерте кетсек, кырсык 30-июнда Кызыл-Ой менен Кожомкул айылынын ортосунда болгон. Ал эми ӨКМге билдирүү 2-июль күнү саат 10дор чамасында түшкөн. 

Маалыматта унаа ичинде беш киши болгону айтылган. Маркумдун кызы Индиранын айтымында, атасы 28-июнда Ат-Башыга апасынын эстелигин коюп, 30-июнда таңга маал Кожомкулдун 130 жылдыгы өтүүчү Суусамырга келе жаткан. 

Күбөлөр билдиргендей, унаа ташты сүзүп алгандан кийин тумшугу менен жардан ылдый сууга түшүп кеткен. Алгач үстүнө калкып чыккан унаадан кызыл кийимчен киши чыккан, андан кийин баарын суунун шары алып кеткен.