Жаңылыктар
Аттестаттардагы каталар боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Аттестаттардагы каталар боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды

Аттестаттардагы каталар боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы кылмыш ишин козгоп, сотко чейинки тергөө иштери башталды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.Ага ылайык, аталган факты Кылмыштар жана жоруктар боюнча бирдиктүү реестрге катталган.

Сотко чейинки тергөө амалдары учурунда 2019-жылы орто мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөр үчүн ката жазылган 95 миң аттестат тапшырылган. Анда "жөнүндөгү" деген сөздөгү "н" тамгасынын ордуна "ң" тамгасы колдонулган. Ошондой эле Нарын облусундагы Туз айылында бүтүрүүчүлөргө берилген аттестаттын орусча жазылган жеринде "реднюю" деген сөз ашыкча жазылган — деп айтылат маалыматта.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Эске салсак, быйыл мектеп бүтүүрүүчүлөрүнө берилген атестаттарда бир нече ката бар экенин жарандар социалдык тармактарга жазган.