Жаңылыктар
Ысык-Көлдө жер титирөө катталды
Өзгөчө кырдаал
Ысык-Көлдө жер титирөө катталды

5-июлда Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. Саат 8:12деги жер титирөөнүн очогундагы күчү 5 баллга жеткенин Илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.

Жер титирөөнүн очогу Ысык-Көлдөгү Каракол шаарынан түштүк-чыгышка 48 чакырымда, Койлуу айылынан түштүк-батышка 27 чакырымда, Май-Саз айылынан түштүк-батышка 20 чакырымда жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Май-Саз, Койлуу айылдарында 4 баллга, Ак-Шыйрак, Кең-Суу, Эчкили-Таш, Кургак, Таш-Короо айылдарында 3 баллга сезилди.