Жаңылыктар
"Хан-Теӊири” лагеринде 2 адам атып өлтүрүлүп, дагы бири барымтада калган
Кылмыш
"Хан-Теӊири” лагеринде 2 адам атып өлтүрүлүп, дагы бири барымтада калган

Кечээ, 4-июлда Эңгилчек жайлоосунда жайгашкан “Хан-Теңири” альпинисттик лагеринде 2 адамдын өлүмү катталган. Кандуу окуя тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.


Маалыматка ылайык, териштирүү учурунда “Хан-Теӊири” лагеринде кароолчу болуп иштеген, Түп айылынын 29-жаштагы тургуну Сергей Смирнов “Вепрь” үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен ашканага кирип, аталган лагердин башчысынын орун басарын төшүнө жана ошол эле жердин дагы бир кызматкерин  ичке аткандыгы аныкталган. 


Ошондой эле, окуя болгон учурда ашканада тамактанып отурган жылкычы Түп районунун Тасма айылынын 33-жаштагы тургуну Сергейди кармоо аракетин көргөн учурда, анын колун бычак менен кесип жибергенде, ал качып кеткендиги белгилүү болгон. Натыйжада алган жаракатынан жетекчинин орун басары окуя болгон жерден мерт кетсе, ал эми экинчи жаран чек ара заставасына медициналык жардам көрсөтүү үчүн алып бара жаткан учурда жолдон каза болгон. 


Окуя боюнча жүргүзүлгөн териштирүү учурунда Сергей Смирнов адамдарды атып өлтүргөндөн кийин, ошол жерде жайгашкан чумага каршы мекемесинде иштеген, Каракол шаарынын 48-жаштагы тургунун барымтага алып, окуя болгон жерден качып кеткендиги аныкталган. Аталган факт Ак-Суу РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 97 беренеси (Киши өлтүрүү) менен сотко чейинки ѳндүрүш иши башталды.


Азыркы учурда милиция жана чек ара кызматынын кызматкерлери кылмышка шектүү Смирнов Сергейди кармоо жана барымтадагы жаранды бошотуу максатында атайын ыкчам иш чаралары жүргүзүлүп жатышат. Кылмыш турмуштук жагдайлардан улам чыккандыгы аныкталган. Окуя болгон жерге ИИМ министри Мирлан Каниметов барып, кылмышкерди издөө иликтөө жана кармоо ыкчам иш чараларына жетекчилик кылууда.