Жаңылыктар
Кылмышка кылтак
Кылмыш
Кылмышка кылтак

 Ордо калаада куралданган жигиттер бар унаа кармалды. Шаардык милициядан билдиргендей, кечээ түнкү саат 11лер чамасында келип түшкөн маалыматты текшерүү учурунда Жибек Жолу жана Малышев көчөсүнүн кесилишинде «Тойота-Алтеза» үлгүсүндөгү кара түстөгү унаа токтотулган. 

Ыкчам маалыматтар боюнча, унаада уурулук кылуу максаты бар деп шектелген куралчан жигиттер болгон. Унааны текшерүү учурунда ок атуучу курал, колго жасалган бычак, медициналык бет кап жана 3 кол кап табылды. Кармалагандардын бардыгы буга чейин уурулук жана бейбаштык беренелери боюнча соттолгон. Учурда тергөө жүрүп жатат.